вторник, 24 марта 2015 г.

КРПМБАга экономика илимдеринин доктору Владимир Шамахов ачык лекция окуйт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясына Россия Федерациясынын Президентине караштуу Эл-чарбачылык академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институту (ТББИ), жана мамлекеттик кызмат делегациясы келет. Делегациянын башында Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору Шамахов Владимир Александрович турат.


         В.А.Шамахов өз сапарынын алкагында 27-март күнү Академиянын студенттери жана мугалимдери үчүн «Евразиялык экономикалык Союздун жаңы горизонттору: Санкт-Петербургдун көз карашында» деген темада ачык лекция окуйт.  
          Лекция №400 аудиторияда (1-корпустун 4-кабатында) саат 11:00дөн 14:00гө чейин болот.
Иш-чаранын жүрүшүндө В.А.Шамахов мырзага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын «Ардактуу доктору» деген наам берилет. Бул чечим КРПМБАнын илимий кеңешинде бекитилген.